12-февралда WhatsApp аркылуу жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан акча каражаттарын ээлеп алуу максатында жарандарга СМС билдирүү жөнөтүп жүргөн шектүү аныкталган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 2006-жылы туулган жаран аныкталды. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 8 банктык карта, 176 сим-карта, ноутбуктар, планшеттер, уюлдук телефондор табылган. Кармалган жаран ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди.









