Кечээ, 21-сентябрда Жогорку Сотто экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ишине байланышкан соттук отурум өттү. Тактап айтканда, экс-премьер жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ага берилген жазаны кайра кароону суранган. Жогорку Соттон СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиришкендей, анын өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылды.
Парламенттик шайлоодон кийин баш калаада башаламандык болуп, 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышкан. Ошол эле түнү бир катар саясатчылар, анын катарында Жантөрө Сатыбалдиев да абактан бошотулган. Кийинчерээк Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы муну мыйзамсыз деп баалап, бардык туткундарды жазаланган жерлерине кайтарууну талап кылган. Бир нече күндөн кийин Жантөрө Сатыбалдиев өзү 47-түзөтүү колониясына барган.
Ал Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча кармалып, 7 жарым жылга эркинен ажыратылган.











