Жогорку Сот экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды

Жогорку Сот экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Чынара Жакупбекова билдирди. Анын айтымында, мурунку чиновниктин жактоочусу төмөнкү эки инстанциянын чечимдерине кассациялык даттануу берген. Адвокат ишти жаңы кароого жөнөтүүнү суранган. 

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Адылбек Эсенбаев көптөгөн күбөлөрдү сураган эмес, келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктаган эмес, Зилалиевдин күнөөсүз экендигинин бардык далилдерин изилдеген жок. Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырды. Биз Жогорку Сотко кассациялык даттануу жазып, утуп алдык», — деди Чынара Жакупбекова.

Ал эми Жогорку Соттон бул боюнча маалымат бир нече убакыттан кийин берилерин айтышты.

2018-жылдын декабрь айында УКМК декларацияланбаган үйлөрдү, батирлерди жана мурдагы вице-премьер-министрдин банктагы эсебиндеги миллиондорду тапкан. Ал өзүнө козголгон кылмыш ишти саясий шоу деп атап, күнөөсүн мойнуна албай келген. Биринчи Май райондук соту Дүйшөнбек Зилалиевди тогуз жылга эркинен ажыраткан.