Жогорку Сот Карганбек Самаковдун ишин токтотуу боюнча өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун 2-сентябрдагы мурдагы депутат Карганбек Самаковго чыгарган өкүмүн жокко чыгарды. Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, кылмыш иш кайра жаңы кароого жөнөтүлгөн.

Октябрь райондук соту 2017-жылдын 20-декабрында экс-депутат Карганбек Самаковду катаал тартипте 10 жылга эркинен ажыратуу туурасында өкүм чыгарган. Бирок эки мунапыс менен абак мөөнөтү үчтөн экиге кыскарган болчу. 3-февралдагы токтомго ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, ишти кайрадан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн.