18-августта Жогорку Соттун Жазык иштери жана жосунсуз жоруктар боюнча соттук коллегиясы адвокат Александр Мощиндин арызын жана Башкы прокуратуранын прокурорунун Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге карата жаңы ачылган жагдайларды эске алуу менен кылмыш ишин кайра кароо зарылдыгы тууралуу корутундусун карады. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.
Кароонун жыйынтыгында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 20-октябрындагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 8-февралындагы өкүмү жокко чыгарылган.
«Ошону менен бирге, биз бул кылмыш иши ачык соттук отурумда каралып, «жашыруун» деп классификацияланган иштерге тиешеси жоктугун, ал эми иш боюнча башка айыпталуучуларга карата сот актылары кайра каралбаганын белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратура «Ысык-Көл инвестициялык банкы» ААКты мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми кечээ, 16-сентябрда журналист Сыргак Абдылдаев Жогорку Сот Бакиевдердин үй-бүлөсүнө, ошондой эле бакиевдик режимге байланышкан көптөгөн иштер боюнча айыпталган башка адамдарга тиешелүү иштерди «жашыруун» карап жатканын айтып чыккан.











