Жол эрежесин бузган блогер Улукбек Карыбек уулуна айып салынды

Жол эрежесин бузган блогер Улукбек Карыбек уулуна айып салынды. Ага карата каршы тилкеге чыкканы үчүн 15 миң сом, коопсуздук курун тагынбаганы үчүн 1 миң сомго протокол түзүлдү.

Кайгуул кызматынын кызматкери түшүндүргөндөй, курду тагынбаганы үчүн 1 миң сомду 30 күндүн ичинде төлөсө 300 сом болорун түшүндүрүп, жалпы 15 миң 300 сом төлөй турганын айтты. Блогер жол тескөөчүлөрдү өзү чакырганын баса белгиледи.

Буга чейин соцтармактарда блогердин жол эрежесин бузган видео тараган.