Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика да жабыркап, бүгүн ага чукул түрдө операция жасалды

Жол кырсыгынан улам омурткасынан жабыркаган ырчы Анжеликага Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия боюнча илимий-изилдөө борборунда бүгүн, 24-январда шашылыш иретте операция жасалды. Операцияны хирург Сабырбек Жумабеков жүргүзгөн.

Оорукананын маалыматы боюнча, ырчы айым кечээ, 23-январда кечинде Түп районунан борбор калаага жеткирилген. Анжеликанын жабыркаган омурткасы калыбына келтирилип, анын абалы учурда туруктуу экендиги кабарланды.

Жол кырсыгынан улам эки буту сынган 6 жаштагы Айлин аттуу кызы бүгүн Түп районундагы ооруканадан Бишкектеги бейтапканага реанимобиль менен жеткирилет. Унаанын рулунда Анжеликанын курбусу жана ырчы менен кошо 2 кызы болгондугу айтылып жатат.