Жол кырсыгынан каза болгон көчө шыпыруучунун үй-бүлөсүнө мэрия 50 миң сом берет

Бүгүн, 4-январда жол кырсыгынан каза болгон көчө шыпыруучунун үй-бүлөсүнө шаар башкармалыгы 50 миң сом берет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине байланыштуу соңку кырсыктардан улам өзү окуя орун алган жайга барды. Жол кырсыгынан каза болгон көчө шыпыруучу жарыкты чагылдырган элементтери бар атайын жилетчен болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча, оң рулдуу унаанын айдоочусу башка унаадан озуп өтүп жатып, жолдо турган адамды көргөн эмес. Жыйынтыгында, айдоочу көчө шыпыруучуну сүзүп кеткен.

Мэр эс алуу күндөрүнө «Тазалыктын» кызматкерлерин борбордук көчөлөргө чыгарууну чектөөнү, мүмкүн болушунча тазалоо иштерине атайын техниканы колдонууну тапшырды. Шаардын кызматтарына көчө шыпыруу учурунда жарыкты чагылдыруучу мобилдүү жол белгилерин коюу керектиги да айтылды. Андан тышкары, жол кырсыгынан каза болгон көчө шыпыруучунун үй-бүлөсүнө шаар башкармалыгы 50 миң сом бөлүп берери маалымдалды.

Соңку ай ичинде Бишкекте көчө шыпыруучуну сүзүп кетип, кийин каза болгон үч жол кырсыгы катталды.