Жол тескөөчүлөр күч менен жаранды кармап жаткандагы видео тараган. Окуянын чоо-жайы

Кечээ, 24-мартта социалдык тармактарда Бишкекте жол тескөөчүлөр айдоочуну күч менен кармап жаткан видео тараган. Окуя боюнча Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришти.

«24-март күнү саат 9:40 чамасында Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Масалиев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө жол тилкесинин экинчи катарынан солго бурулганда Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери токтотконуна токтобой кеткен. Андан кийинки Байтик Баатыр көчөсү менен Иса Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен инспектордун токтоту тууралуу мыйзамдуу талабына баш ийбей, кызматкерди 5-10 метрге сүйрөп барып токтогон. Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун медициналык мекемеден текшерүүдө баңгизат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалында экендиги аныкталган жана унаасы айып короого токтотулуп, айдоочуну Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирип бара жатканда айдоочу унаадан түшүп качып кетүүгө аракет кылган. Учурда айдоочу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерин унаанын капотунда сүйрөп кеткендиги үчүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.