«Жубайым менен жазышыптырсың». Ошто 100 миң сом талап кылгандар кармалды

Ошто физикалык зомбулук менен коркутуп опузалоо менен алектенген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ушул жылдын март айынын башында белгисиз адамдар Кара-Суу районунун жашоочусуна телефон чалып, жубайы менен кат жазышкан деген жалган шылтоо менен (чындыгында жубайы эмес) физикалык зомбулук менен коркутуп, 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кыла башташкан. Коркутуулар адам чыдагыс болуп калганда жаран милицияга кайрылган. Топтолгон материалдардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен «опузалап талап кылуу» кылмыш иши козголгон.

Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө опузалоочулар азырынча талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алууга макул болгону аныкталды. Акча которуу Ош шаарынын аймагында жүргүзүлүп, талап кылынган сумманын бөлүгүн алган учурда опузалап талап кылууга шектелген адамдардын тобу кармалган. Кармалгандардын арасында 1999-жылы туулган М.Р., 1998-жылы туулган Ж.А., 1997-жылы туулган А.А. жана 1996-жылы туулган Ж.Ш. болуп, алардын баары Ноокат районунун тургундары экендиги аныкталган.

Кармалган 1999-жылы туулган М.Р. буга чейин «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган, андан тышкары башка мамлекеттин аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Учурда жогорудагы жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.