«Жубайын сабап, оозун скотчтоп, колун байлап тоокканага камап койгон». Сузакта аялын сабаган эркек 40 миң сом айып пулга жыгылды

Сузак районунун тургуну жубайынын 2 тишин сындыра сабап, тоокканага камап койгону үчүн 40 миң сом айып пулга жыгылды. Бул тууралуу «Справедливость» аттуу Жалал-Абад укук коргоо мекемесинен маалымдашты.

Сузак районунун 30 жаштагы тургуну жубайын катуу сабап, тоокканага камап койгон. Бул окуя боюнча Сузак райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 20 миң сом айып пул салган. Андан сырткары моралдык зыян келтиргени үчүн келинчегине 20 миң сом компенсация төлөгөн.

Иликтөөнүн версиясында 2022-жылы 2-майда жолдошу жубайынын 2 тишин сындырып, чачынан тартып сүйрөгөн, көгала кылып сабаган, кечке басмырлаган. Келинчеги мындай көрүнүш мурун деле болуп келгенин жана буга чейин чыдап келгенин айткан. Сабагандан кийин көп жолу тоокканага камап да жүргөн. Акыркы жолкусунда жолдошу колун байлап, оозун скотчтоп, тоокканага камап койгондон кийин балдарын калтырып төркүнүнө качып кеткенге аргасыз болгон. Ошол жактан күйөөсүнө карата чара көрүүсүн суранып укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.

10-майда өткөрүлгөн соттук-медициналык экспертиза аялдын сабалганын аныктаган. Аялдын эки тиши сынган, бети-башы көгала, канталаган абалда болгон. Сузак райондук соту 136 (Ден соолукка жеңил залал келтирүү), 171-берене (Моралдык залалды компенсациялоо) боюнча кылмыш козгоп, жалпы 40 миң сом төлөмөй болгон.