Жумгал районунун судьясы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Нарын облустук сотунун Жумгал районунун судьясы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК жана Башкы прокуратура менен биргеликте опузалап талап кылуу жана акча каражатын алуу фактысы боюнча катталып козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жумгал районунун судьясы жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышкан. Буга байланыштуу, 23-майда судьяга карата мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

10-июнда Сдьялар кеңеши Башкы прокуратуранын судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушун канааттандырган. 17-июнда Садыр Жапаровдун жарлыгы менен судья кызматынан убактылуу четтетилген.