«Жумуш убактысынан тышкары болгон». Чүйдө 17 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча «Алтын Казына» рестораны кайрылуу таратты

Чүйдөгү «Алтын Казына» рестораны соцтармактагы баракчасы аркылуу 7-августка караган түнү болгон окуя боюнча кайрылуу таратты.

«Окуя түндө, кызматкерлердин жумуш убактысынан тышкары болгон. Кызматкерлер уруксатсыз жеке адамдар ижарага алган корголуучу жайга киришкен. Кылмышка шектүүлөр кармалды жана алар Кылмыш-жаза кодекси боюнча жаза алышат. Биз бул кырдаалды кабыл алып, тергөөгө ар тараптуу жардам берип жатабыз. Ошондой эле биз дагы сиздер сыяктуу эле адилеттүүлүктүн тарабында экенибизди билдиребиз»,- деп жазылат маалыматта.

8-августта соцтармактарга видео тараган. Анда Чүйдөгү «Алтын-Казына» ресторанынын кызматкерлери тарабынан 17 жаштагы кыздын зордукталганы маалымдалган. 9-августта Чүй ОИИБ маалымат таратып, кылмышка шектелип 20 жаштагы жигит кармалганын билдиришти.