Журналист Али Токтакунов ИИМге суракка чакырылды

Ички иштер министрлиги өткөн жылдын октябрь айындагы окуялар боюнча иликтөөчү журналист Али Токтакуновду 23-июнга суракка чакырды. Бул тууралуу журналист соцтармактагы баракчаларына жазды.

Токтакунов Кыргызстанга былтыр 7-октябрда келген. Ал суракка чакыруу 9-октябрдагы окуялар боюнча болушу мүмкүндүгүн айтты. “Кыргызстанга 7-октябрда учуп келгем. 9-октябрда активисттер, саясатчылар, журналисттер болуп темир жол бекетинин жанында «өлкөнү криминал каптап кетти» деп ошого каршы акция өткөргөнбүз. Бийлик тезинен мыйзамдуу башкарууну орнотуп, мыйзамдуу өкмөттү шайлаш керек деген талаптарды коюп аянтка барганбыз. Өзүм билген маалыматтар менен бөлүшөм. Азырынча саясий же журналисттик ишмердүүлүгүм менен байланыштыруудан алысмын”, — деген «Азаттыкка» Али Токтакунов.

Октябрь окуялары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы суракка чакырылган.