Журналист Канат Каниметовго карата кылмыш иши козголду

Журналист Канат Каниметовго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Журналисттин айтымында, анын «милиция Балыкчыдагы үйүмө чейин издеп барышыптыр» деген постунан кийин «Журналисттерди коргоо комитети» байланышып, ИИМге билдирме жиберишкен. Анын жообу бүгүн келген. Ага ылайык, Канат Каниметовго карата Жазык кодексинин 119-беренеси менен кылмыш иши козголгону маалым болгон. Анын күнөөсү аныкталса, бул берене боюнча 1 жыл эркинен ажыратылат же айып пул салынат.

«Мага эмне үчүн кылмыш ишин козгошту. Комитет болбосо, мага кылмыш иши козголгонун билбей калмак экенмин да. Бул не деген башаламандык», — деп жазды ал.