Журналист Канышай Мамыркулова 48 саатка кармалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Сыдыков билдирди.
Маалыматка караганда, Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык (Массалык баш аламандыктар, Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча иш козголгон. Эми сотто бөгөт чарасы каралат.