“Арча Медиа» каналынын журналисти Сайпидин Султаналиев ооруканага түштү. Аны унаа сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу аталган басылмадан билдиришти.
“Арча Медианын” (Next телеканалы) кызматкери, “Соболум бар” долбоорунун автору Сайпидин Султаналиев кырсыктан оор жаракат алган. Учурда ал көптөгөн жаракаттар менен ооруканада жатат.
Окуя кечээ, 18-октябрда саат 17:30дар чамасында Бишкектин Садырбаев көчөсүндө болгон. Журналист өзү мотороллер менен жол кыймылынын бардык эрежелерин сактап жүргөнүн айтты. Бир маалда аны капталынан озуп бара жаткан унаа жөөлөп кеткен. Натыйжада скутер оодарылып, журналист кулап түшкөн. Кырсыктын күнөөкөрү окуя болгон жерден качып кеткен. Журналистке окуяга күбө болгондор Тез жардам жана милицияны чакырып, жардам көрсөтүшкөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram