Жыл башынан бери Ош шаарында 469 жол кырсыгы катталып, 632 киши жаракат алган

иллюстрация

Ушул жылдын 10 ай ичинде Ош шаарынын аймагында 469 жол кырсыгы катталып, 632 жаран денелеринен ар кандай жарааттарды алышса, 17 адам жол унаа кырсыгынан каза тапкан. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 19-ноябрда Милициянын кайгуул кызматы атайын иш-чара уюштурду. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарындагы маршруттук каттамдарынын айдоочулары, автомектепте билим алып жаткан курсанттар жана Ош техникалык университетинин студенттери менен жолугушуп, жол кыймылынын эрежелери, өлкө аймагында болуп жаткан жол унаа кырсыктары анын кесепеттери жана алардын келип чыккан негизги себептери туурасында кыскача маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.