Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан түн ичинде жол эрежесин одоно бузуп автоээнбаштык жасаган айдоочулар аныкталды.
Жарышка түшүшкөн Lexus RX, Subaru, Changan, BYD төрт унаа менен шаар ичинде автоээнбаштык жасашкан, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну одоно бузуу менен башкаруу коштолгон.
Унаа башкарган айдоочулар мектеп окуучулар экендиги аныкталып, ата-энелери менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрүү максатында өткөрүп берилди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram