Кадамжай районунда мал уурдоого аракеттенген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Кызматкерлерге 2 жарандын Баткен облусунун Кадамжай районунда мал уурдоого бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалыматтын алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында 30-июль күнү Кызыл-Кыя-Ош унаа жолунда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу унаа токтотулуп, ичиндеги уурдалган 3 баш уй жана 3 жылкы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кадамжай РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (Уурдоо) 205-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Баткен районунун эки тургуну кармалып, Кадамжай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.