Кадамжайда 5 айдын ичинде 2 өспүрүм сууга чөгүп каза болгон

5 ай ичинде Кадамжай районунда 2 өспүрүм сууга чөгүп, каза болгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен  маалымдашты.

Кадамжай районунда балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы каникул мезгилинде кароосуз калган көлмөлөрдө, шар аккан канал, арыктарда өспүрүмдөр өз алдынча сууга чөмүлүп жүргөн жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Кадамжай РИИБинин кызматкерлери кооптуу суулардын айланасына атайын эскертүүлөрдү чыгарып илип, кооптуу суулардын боюнча жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү актыларын берүүдө.