Кадамжайда 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен шектүү айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-мартта саат 21:45 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында айдоочу жөө жүргүнчү, Кадамжай районунун 2017-жылы туулган тургунун койдуруп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм денесинен жараат алып, Кадамжайдагы оорукананын сыныктар бөлүмүнө кайрылган. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун 1953-жылы туулган тургуну аныкталган. Ал өзүнүн Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаасын Кызыл-Булак айылындагы үйлөрдүн биринде жашырып койгон жеринен кармалган.












Thank you for your sharing. I am worried that I lack creative ideas. It is your article that makes me full of hope. Thank you. But, I have a question, can you help me?