Кадамжайда бир үй-бүлөнүн өмүрүн алган каргашалуу окуянын чоо-жайы

29-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунда каргашалуу окуя катталганы, анда бир үй-бүлөдөн 6 адам жансыз абалда табылганы маалым болгон.

Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргал Дыкановдун айтымында, 29-декабрда иске ууланып каза болду делген үй-бүлөнүн кожоюну Орусиядан келгенине үч күн болгон. 36 жаштагы жаран Орусияда эмгектенип, үй-бүлөсүн бакчу. Бул тууралуу «Салам Медиа» жазды.

Үйдү жылытуу үчүн эки электр меши сайылгандыктан, электр зымдарына күч келип, ээрип, үйдүн ичи иске толуп 6 адам каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда жубайлар токко урунуп каза болгону болжолдонууда. Анткени жубайлардын денеси уктоочу бөлмөсүнөн эмес, үйдүн кире беришинен табылган. Жубайлардын колдорунда токко урунуунун белгилери болгон. 4 бала балдар бөлмөсүндө уктаган бойдон иске ууланып каза болушкан. Жубайлардын эки уул жана бир кызы болгон. Дагы бир бала, агасынын баласы болгон.

Окуя 29-декарь түнү болгон болсо, 30-декабрда кечинде гана белгилүү болгон. Үй ээсинин бир тууган агасы көп жолу телефон чалып, байланыша албаган соң, үйүнө келип, окуяга күбө болгон. 31-декабрда бир туугандары алардын үйүндө Жаңы жыл тосушмак.

«Болжол менен окуя 29-декабрдан 30-декабрга караган түнү Кадамжайдагы Алга айыл аймагынын Алга айылында болгон. Бул айылдын 1986-жылы туулган тургуну Н.Р. өзүнүн жаңы салынган үйүндө үй-бүлө мүчөлөрү: аялы 1986-жылы туулган К.Ж., кызы 2014-жылы туулган Ж.А, уулу 2016-жылы туулган Н.И., уулу 2020-жылы туулган Н.А. жана кайын агасынын уулу 2012-жылы туулган Ж.Т. болуп уктап жаткан учурда болгон. Үйдү жылытуу үчүн сайылган эки электр жылыткычтын айынан электр зымдары ээрип күйүп, үйдүн ичиндеги диван жана жерге төшөлгөн паластар өрттөнүп, үйдүн ичи түтүнгө толуп, алардын ууланып каза болгону аныкталган. Бул окуяга байланыштуу соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды», — деп жазылган милиция тараткан маалыматта.