Кадамжайда бычакталган жаран ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

Кадамжайда бычактан жаракат алган жаран ооруканага кайрылган. Шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Үч-Коргон айылынын 55 жаштагы тургуну денесинен миздүү нерседен жараат алып, аймактык ооруканага түшкөндүгүн билдирип, 16-март күнү саат 22:45 чамасында милицияга маалымат түшөт. Бул маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, иликтөө иштери жүрө баштайт. Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмү тарабынан иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Үч-Коргон айылында кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн Масалиев айылынын 33 жаштагы тургуну аныкталып, кармалган.

Азыркы күндө Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.