Кадамжайда чоң жол кырсыгы катталды (сүрөт)

Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, “Чечме” өткөрүү постунда КамАЗ оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып өткөрүү постунда жайгашкан имаратты жана токтоп турган унааларды сүзгөн.

Учурда 18 куткаруучу жабыркагандарды унаалардын ичинен алып чыгууда. Кошумча маалымат берилет.