Мурда бир нече жолу соттолгон жаран бир топ жарандардын буюмдарын уурдаганга шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Кадамжай районунун Разъезд, Сухана, Сулайманабад айылдарындагы жана Кара-Дөбө айылында жашаган жарандардын үйүнө акыркы 1 ай ичиндеги аралыкта таңга маал кирип, жашоочулардын телефондорун жана баалуу буюмдары белгисиз жаран тарабынан уурдалып жаткандыгын билдирип милицияга 9 арыз түшкөн. Бул арыздар боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан 26-февраль күнү Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын мурда бир нече жолу соттолгон 21 жаштагы жаран аныкталып, Кызыл-Кыя шаарынан кармалган. Анын Кызыл-Кыя шаарындагы убактылуу иштеткен караоке жайынан далил буюм катары планшеттер, телефондор, жана кол сумкалар алынды. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.