Баткен облусунун Кадамжай районунда 17-май күнү саат 19:45 чамасында катуу шамал Кадамжай шаарынын Северный көчөсүндө жайгашкан №25 көп кабаттуу турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине ӨКМдин №76 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, чатырдын калдыктарын коопсуз жайга жылдырып беришкен. Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.