Кадамжайда автоэнбаштык кылып, милицияга пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Кадамжай районунда 27 жаштагы жаран Мерседес-Бенц 320 үлгүсүндөгү унаасын автоэнбаштык менен айдап бара жатып, милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган.
Унаасы тиешелүү тартипте милициянын убактылуу токтотуучу короосуна киргизилип, окуя маалыматтардын электрондук журналына катталган. Жаран мыйзамдуу чара көрүлбөшү үчүн милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн башчысына акча сунуштап, пара берүү аракетин жасаган.