Кадамжайда өспүрүм каналга түшүп каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
18-июнда саат 20:50 чамасында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Миң-Чынар айылынын жашоочусу, 2013-жылы туулган өспүрүм жашаган аймагындагы суу өтүүчү каналга кокусунан түшүп кетип, чөгүп каза болгон.
Маалыматка ылайык, өспүрүм «көчөгө ойноп келем» деп чыгып кеткен бойдон үйүнө кайткан эмес. Жансыз денеси табылган соң, медициналык адистердин катышуусунда кароо жүргүзүлдү. Ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, эч кимге доосу жок экендигин билдиришкен. Маркумдун сөөгү ата-энесине өткөрүп берилди.








