Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыз. Кылмыш иш сотко өттү

Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыз боюнча кылмыш иш сотко өттү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришти.

4-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу өлтүрүлгөн. Жансыз денесин мал кайтарып жүргөн киши тапкан. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 

Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм.