Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын окуясы боюнча Баткен облустук сотунда 2 шектүүнүн жазасы каралып, өмүр бою эркинен ажыратылган шектүүнүн жазасын күчүндө калтырды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук сотунан тастыкташты.
Ал эми өспүрүмдүн соттук отуруму 4-августка жылдырылган. Ал мурдагы инстанцияда 10 жылга соттолгон.
- 4-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу өлтүрүлгөн. Жансыз денесин мал кайтарып жүргөн киши тапкан. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм. 4-декабрда 2 шектүү Оштогу СИЗОдо асынып, көз жумганы маалым болгон.