Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыз. Өспүрүмдүн соттук отуруму жылдырылды

Кечээ, 4-июлда Баткен облустук сотунда 14 жаштагы кыздын окуясы боюнча өспүрүм шектүүнүн жазасы каралмак. Соттук отурум 9-августка жылдырылган. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.

Өспүрүм мурдагы инстанцияда 10 жылга соттолгон. Буга чейин дагы бир шектүүнүн жазасы каралып, өмүр бою эркинен ажыратылган жаза күчүндө калтырылган.