Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыз. Төртүнчү шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды

15-февралда депутат Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин жыйынында Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын атасы төртүнчү шектүүгө сот өкүмү чыкпай жатканына нааразычылыгын билдиргенин айткан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун атасы менен байланышканыбызда, үчүнчү шектүү, тактап айтканда, өспүрүм 10 жылга соттолгонун, ал эми төртүнчү шектүүнүн соттук отурумдары 7-8 жолу жылдырылганын айтып, нааразы болгон.

Бүгүн, 1-мартта Баткен облустук соту төртүнчү шектүүгө карата өкүм чыгарды. Басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал өмүр бою эркинен ажыратылган. Кадамжай райондук сотунун 28-февралындагы өкүмү менен шектүү 165-берене, 154-берене, 155-берене, 122-берене, 180-берене менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

  • 4-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу өлтүрүлгөн. Жансыз денесин мал кайтарып жүргөн киши тапкан. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм. 4-декабрда 2 шектүү Оштогу СИЗОдо асынып, көз жумганы маалым болгон.