Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын апасынын видео кайрылуусу соцтармактарда тарады.
Ал кызын өлтүргөндөр жоопко тартылышы керектигин айтып, 17 жаштагы шектүүнүн жакындарынын кылып жаткан кадамын айыптады.
2022-жылдын 4-сентябрында Кадамжайда 14 жаштагы окуучу өлтүрүлгөн. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм. 4-декабрда 2 шектүү Оштогу СИЗОдо асынган абалда табылып, көз жумган. Ал эми дагы бирөөсү өмүр бою эркинен ажыратылган. Кылмыш болгон учурда 16 жашта болгон өспүрүмдү сот 10 жылга эркинен ажыраткан. 4-июлда Баткен облустук сотунда өспүрүм шектүүнүн жазасы каралмак. Соттук отурум 9-августка жылдырылып, андан соң дагы жылдырылып кеткен.
15-августта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине шектүү өспүрүмдүн жакындары анын ичинде ата-энеси президентке кайрылуу үчүн Кадамжайдан Бишкекке келип, Өкмөт үйүнүн алдында отурганы маалым болду. Алар президентке жолукмайын кетпей турганын айтышкан.