Кадамжайда өлтүрүлгөн кыз. Айыл өкмөт башчы: «Шектүүлөрдүн бири жакында Орусиядан келген, үй-бүлөсү бар»

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Кадамжайдагы кыздын өлүмү боюнча Халмион айыл өкмөт башчысы Замир Максутов менен байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду.

«Жаңы эле жыйын болду. Кыз 2008-жылы туулган экен. Кылмышка шектелип 1995, 1998, 1997-жылы туулган 3 жигит кармалыптыр. 1995-жылы туулган жаран жакында эле Орусиядан келген, үй-бүлөсү бар дешти. Калгандары айылда эле жүрүшкөндөр экен. Шектүүлөр да, каза болгон кыз да бир айыл өкмөттүн тургундары. Бүгүн кечинде алардын бөгөт чарасы каралат экен. Прокурор жыйында өмүр бою эркинен ажыратууну суранарын айтты», — деди ал.