Кадамжайда Өзбекстанга өтө күчтүү дары-дармектерди, акцизсиз тамекилерди ташуучулар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
«Баткендин Кадамжай районунун чек ара аймагында Өзбек жаранына күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын өткөрүп берүүгө аракет кылган учурда 1999-жылы туулган М.у.Э. аттуу Кыргыз жараны кармалган. Кармалган адамды тинтүү учурунда 396 даана «Тропикамед», ал эми жашаган жеринен (Кыргызстандагы дары-дармек каражаттарынын реестринде катталбаган) 25 даана «Регопен» таблеткасы табылган», — деп жазылат маалыматта.
«Тропикамед», «Регопен» күчтүү дары-дармектер, алар дарыгердин рецеби менен гана сатылат. Башка дарылар менен айкалыштырып колдонууда катуу көз карандылык пайда болот. Мындан сырткары Кадамжайда Т.у.М. аттуу жаран Кыргызстандан Өзбекстанга товар ташуу боюнча мыйзамсыз каналдын уюштуруучуларынын бири катары кармалган. «Тинтүү учурунда «ESSE CHANGE» үлгүсүндөгү акцизсиз 60 куту, баасы 4 миллион сомго жакын тамеки табылган. Салык мыйзамдарын бузуунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке 2 миллион 335 миң сомго жакын зыян келтирилген», — деп кабарлайт УКМК.
Кармалган жаран Т.у.М. УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.