Тергөө амалдары Кадамжай РИИБнин тергөө кызматына жүктөлгөн. Бирок тергөөчү «Т.А.» Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы «Н.С.» жана аймактык милиция кызматкери «Ш.Ж.» менен ич ара бүтүмгө келишип, 1 миллион сом пара алуу менен шектүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотууга макул болгон. 10-август күнү ИИМ Баткен ОИИБнын Ички иликтөө кызматкерлеринин көмөгү менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында «Н.С.» жана «Ш.Ж» кармалып, «Ш.Ж.»га тиешелүү унааны тинтүү учурунда 200 000 сом акча каражаты табылган. Ал эми тергөөчү «Т.А.» нын иш бөлмөсүнөн жабырлануучу менен арыз ээсинин алгачкы көрсөтмөлөрү өзгөртүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча каршы көрсөтмөлөрдү, тосмо арыздарды камтыган тергөө материалдары алынды.
Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды
24-апрелде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз жаран 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасагандыгы...






