Кадамжайда сел жүрдү (видео)

Бүгүн, 18-май күнү саат 13:30 чамасында Кадамжай районунда мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Тазалоо иштерине 6 куткаруучу тартылып, учурда мотопомпа менен сууну тарттыруу иштери жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ал арада социалдык тармактын колдонуучулары жүрүп жаткан селдин видеолорун бөлүшүп жатышат.