Кадамжайда сентябрдан бери мал уурдалып жаткан. Шектүүлөр кармалды

Кадамжайда мал уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунда сентябрь айынан тарта массалык түрдө мал уурулук катталып жаткандыгын билдиришип, арыз менен жергиликтүү тургундар милицияга кайрылышкан. Бул арыздар Кадамжай РИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 10 баш бодо мал уурдалып, жабырлануучуларга олуттуу зыян келтирилгендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери ноябрь айында Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын мурда сот жообуна тартылган 58 жаштагы тургуну Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жери аныкталып, кармалды. Анын кылмыштуу шериги Орозбеков айыл аймагынын 51 жаштагы тургуну экени Охна айылынан кармалды. Азыркы учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.