Кечээ, 16-март күнү саат 18:00 чамасында малын кайтарып жүргөн Кадамжай шаарынын тургуну Миң-Жылга сайынан баштык таап алып, ичин караганда ымыркайдын жансыз денеси бар экендигин билдирип, милицияга кабар берген. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Кадамжай РИИБнин жетекчиси ыкчам-тергөө тобу менен аталган жерге барып, баштыкта жаткан жансыз дене эркек ымыркай ак кездемеге оролгондугу аныкталат. Ошондой эле ымыркай менен кошо баштыктын ичинен MI Bend 4 кол сааты табылган. Бул факты каттоого алынып, жансыз денеге экспертиза дайындалды.
Азыркы күндө ымыркайдын энесин жана аны талаага таштаган белгисиз адамдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.