Кадамжайда тоо тарапты көздөй кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылды

Баткенде дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

6-сентябрь күнү Кадамжай шаарынын 21 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып, тоо тарапка кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. 7-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейин ӨКМдин куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлуп, натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 9-сентябрда издөө иштерин жүргүзүү учурунда жогоруда аталган жарандын жансыз денеси Кадамжай шаарынын четинен агып өткөн Нургазиев каналынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.