6-сентябрь күнү Кадамжай шаарында 2006-жылы туулган өспүрүм үйүнөн чыгып, тоо тарапка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
7-сентябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 4 куткаруучу, Кадамжай райондук №76 ӨКБдан 7 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер жана туугандарынан 4 адам тартылып, саат 18:20да издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. Бүгүн, 8-сентябрь күнү улантылат.