Курал-жарактар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын иликтөө иш-чаралар жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районунун тургуну кармалып, жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 222ден ашык ар кандай калибрдеги ок-дарылар, 3 даана ок атуучу курал, 1 даана Ф-1 гранатасы, 230 даана ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскычы табылып алынды. Азыркы учурда жаран Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер көрүлүүдө.












