Ошто залалдуу шишикке чалдыккан жаранды СИЗОго которбой коюшкан

Рак оорусу менен жабыркаган кылмышка шектүүнү Ош шаарындагы тергөө изоляторуна которууга каршы болушту. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган борбордун кызматкерлери Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына ар тараптуу текшерүү жүргүзүү менен алдын ала барышкан. Текшерүүдө 27-октябрда экстремисттик уюмду түзүүгө шектелип кармалган 46 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургунун саламаттыгы начарлыгын жүйөө келтирип, Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторуна кабыл албай коюшкандыгы анык болду. Убактылуу кармоочу жайдын башчысынын айтымында, аталган жаранды Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери текшерүүгө алышкан. Алар кармалган жаранга операция талап кылынарын айтып, уйку безинин рагы диагнозун коюшуп, аталган илдеттин кесепетинен механикалык сарык да пайда болгондугу тастыкталган.

«Которууда ал кишини Оштогу тергөө изоляторуна киргизбей коюшуп, бейтапты кайрадан Кадамжай районунун убактылуу кармоочу жайына алып келишкен. Азыр кылмышка шектүүнүн абалы өтө начар. Мыйзамга ылайык, аны №5 тергөө изоляторуна которуу зарыл. ЖАМКнын мекемелеринде убактылуу кармоочу жайга салыштырмалуу квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр көп», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук борбордун кызматкерлери компетенттүү органдардан бул ишке көңүл буруп, кармалган адамга карата катаал, адамкерчиликсиз мамилеси жана аракетсиздиги үчүн жооптуу кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну суранышты.