Кадамжайда уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кадамжайда уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 2022-жылдын июль айларында аккумуляторлор жоголуп, беш уурулук фактысы, тактап айтканда Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши ачылып, кылмышка шектүү жаранды издөө иштери башталган.

Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 4-апрель күнү Масалиев айыл аймагынын тургуну болгон мурда бир нече жолу соттолгон 45 жаштагы жаран аныкталып кармалып, тергөө кызматына камсыздалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.