Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Чечме айылындагы өткөрмө постунда бүгүн, 21-майда саат 15:50 чамасында Shacman үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормоздук системасы иштебей калгандыктан “Чечме-автожол” өткөрүү жайында жыйналып турган жарандарды жана токтоп турган унааларды сүзүп өтүп кеткен. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.
Ал жерге Баткен ОИИБнын жана Кадамжай РИИБнин ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон адамдардын санын жана алардын жарандыктарын, жол кырсыгына дуушар болгон автоунаалардын санын жана кырсыктын себептерин такташууда. Бул факты Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....
14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...