Кадамжайдагы киши колдуу болгон кыз. ИИМдин башчысынын орун басары иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу айтып берди

Кадамжайдагы кызды өлтүрүү фактысы боюнча экспертизалар жүрүп жатат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, күбөлөрдү тактоо боюнча иштер жүрүп жатат. «Окуя боюнча далил заттар алынды. Экспертиза дайындалган. Жакынкы арада кылмыш иш сотко өтөт. Кылмыштын келип чыгуу себеби тууралуу анализ жүргүзүп жатабыз. Ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөн. Жакында эле кетишкен экен. Кыз мектепте жакшы окучу дешти. Эмне себептен 4 бала отурган унаага отуруп калды, ал жагдай такталып жатат», — деди ал.