Бүгүн, 20-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Боз айылынын тоосунда жайгашкан өз алдынча көмүр казуучу карьерге газ толуп, ичинен 1 эркек киши чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 4-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 6 куткаруучу тартылып, аталган жарандын сөөгүн забойдун 90 метр тереңдигинен алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.