«Кадастр» ишканасынын жетекчиси пара алууга шектелип кармалды

Бишкекте «Кадастр» мамлекеттик кызматынын жетекчиси С.Э.К. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымат таратты.

УКМКнын маалыматына ылайык, жетекчи кызматкерлеринен акча өндүрүп турган. «Иликтөө учурунда «Кадастр» мекемесинин кызматкерлеринин айлык акысынан 3000-6000 сомго чейин текшерүүчү органдарга берем деген шылтоо менен алганы маалым болгон. Шектүү жаран С.Э.К. УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Иликтөө иштери жүргүзүүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.