Кайгуул кызматы №8 автобус катышкан жол кырсыктын болжолдуу себебин айтты

Бишкекте №8 автобус жол кырсыкка кабылып, 9-10 киши жаракат алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Чыңгыз Айтаматов менен Ыбырайым Абрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Абдрахманов көчөсүнөн жеңил унаа чыга калган. Автобустун айдоочусу буйтайм деп, жолдон чыгып, бакты сүзгөн.